Ош шаарында участкалык шайлоо комиссиялары ишке киришти

Бул туурасында «Азаттыкка» маалымдаган Ош шаардык шайлоо комиссиясынын башчысы Мухтар Пайзилдаевдин айтымында, участкалык шайлоо комиссияларынын курамына бир жарым миңден ашуун талапкер ат салышып, алардын 917си кыйла талаш-тартыштан кийин тандалып алынды. Ошентип, калаадагы 82 УШКнын мүчөлүгүнө партиялардын арасынан СДПдан – 73, «Ак шумкардан» - 64, коммунисттерден – 60, «Замандаштан» - 59, «Ата Мекенден» - 43, «Улуттар биримдигинен» 20 киши киргизилди. Учурда алардын төрагалары жана жооптуу катчылары бекилип, материалдык-техникалык жактан толук жабдылып бүттү.
Деген менен жергиликтүү серепчилер түштүк баш калаасында элдин референдумга даярдыгы солгун экендигин белгилеп, ушундан улам саясий өнөктүктүн жыйынтыгы бурмалынышы ыктымалдыгын айтышууда. (ATo)