Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши АКШ менен анын союздаштары иштеп чыккан документтин долбоорун эки күн жабык мүнөздө талкуулады. Бразилия менен Түркия ачык талкууларды талап кылышты. Дипломатиялык булактар ырасташкандай, жаңы санкциялар финансы-экономикалык мүнөздө болот жана Ирандагы кырктай ишканага, уюмдарга жана жеке адамдарга багышталат.