Евробиримдикте статистика мекемесинин бийлиги күчөтүлөт

Биримдикке кирген өлкөлөрдүн каржы министрлери мындай чечимди бүгүн Люксембурдагы жыйынында кабыл алды. Анын мааниси биримдиктин бир нече өлкөсү учурда кабылган каржы кризисине себеп болгон Грекияныкы сыяктуу туура эле маалыматтардын берилишине бөгөт салуу. Каржы министрлеринин бүгүнкү сунушу боюнча Евростатка улуттук өкмөттөр тапшырган маалыматка аудит жүргүзүү укугу ыйгарылмакчы.

Кечээтен тарта евроаймактын өлкөлөрү кокус кайсыл бир өлкө каржылык көйгөйгө кабылса, ага колдоо көргөзүү боюнча кор түзүүгө киришти. Евробиримдик менен Эл аралык валюта кору топтоочу акчанын жалпы көлөмү 750 миллиард еврого барабар. Ал корго эң көп каражат төгүүчү Германиянын өкмөтү кечээ 2014-жылга чейин бюджеттик чыгымдарды жалпысынан 80 миллиард еврого чейин үнөмдөө боюнча чаралардын топтомун жактырды.