Германия чыгымдарын 11 миллиард еврого кыскартат

Буга байланыштуу чаралардын топтомун өкмөт кечээ бекитти. Канцлер Ангела Меркел азыр өлкөдө кыйын мезгил экенин эскертип, келечекти азыртан баштап камсыздоо керектигин белгиледи. Өкмөт 2015-жылга чейин жалпысынан 80 миллиард евро үнөмдөө талап кылынат деп эсептейт. Быйылкы жылы бюджет тартыштыгы Германияда беш процентке жетиши мүмкүн. Мунун өзү еврозона үчүн белгиленген үч проценттик чектен көптүк кылат.