Аба ырайы

Аба ырайын маалымдоо борборунун шашылыш билдирүүсү боюнча, 5-6-июнда тынымсыз жааган жамгырга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымал.

6-июнда Кыргызстанда кыска мөөнөттө жамгыр жаайт.
Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11...+16, күндүз +23...+28 даража.
Талас аймагында түнкүсүн +8...+13, күндүз +22...+27 даража.
Баткенде түнкүсүн +9...+14, күндүз +19...+24 даража.
Ош, Жалал-Абат өрөөндөрүндө түнкүсүн +11...+16, күндүз +21...+26 даража.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22 даража.
Нарын аймагында түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22 даража.
Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11...+13, күндүз +22...+24 даража.