Ирандын президенти оппозицияга катуу эскертүү жасады

“Кимде ким келерки аптада башаламандык уюштурса, катуу жазаланат”, - деди президент Махмуд Ахмединежад. Билдирүүнү ал бүгүн Иран ислам мамлекетинин түзүүчүлөрүнүн бири Аятолла Хомейнинин көзү өткөнүнүн 21 жылдыгын белгилөө учурунда жасады. 12-июнда Иранда чоң талаш-тартыштар менен коштолгон президенттик шайлоо болгонуна туура бир жыл толот. Ошондуктан оппозиция демонстрацияга чыгууну пландап, бийликтерден уруксат сурап жатат.