Ооганстанда тынчтык жыйыны соңуна чыкты

Лойя жыргага келген 1600 делегат тынчтыкты орнотуу максатында талип согушкерлери менен сүйлөшүү жүргүзүү тууралуу президент Хамид Карзайдын сунушун колдоду. Куралын таштоого макул болгон талиптерге мунапыс жарыяланат, акча бөлүнөт, ишке орношууга мүмкүндүк берилет. Лидерлерине болсо чет-мамлекетке качып кеткенге уруксат бар. Бирок талиптер бул сүйлөшүүгө катышуудан баш тартышкан.