Япониянын өкмөт башчысы кызматтан кетет

Юкио Хатояма шайлоо алдында берген убадасы – АКШнын Окинава аралындагы аскер базасын жабуу иши аткарылбаганы үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Хатояма былтыр сентябрда премьер-министрликке шайланган эле. Соңку кездери анын рейтинги бир топ төмөндөп кетти. Хатояманы ал өзү жетектеген демократиялык партия да сынга ала баштады. "Мен азыркы кызматтан кетем, партиянын баш катчысы да кызматын тапшырат. Саясий партияларга акча бөлүү мыйзамына байланышкан талкууларга ал да катышкан эле. Демократиялык партияны кайра жаралтуу үчүн аны дагы бир ирет тазалап чыгалы", - деп кайрылды ал өз партиялаштарына.