Улут аралык жаңжалды болтурбоо себептери талкууланды

7-апрелден соң курчуган улуттар аралык жаңжалдардын чыгыш себептери жана аларды болтурбоо боюнча сунуштар Убактылуу өкмөткө, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна жана башка эл аралык уюмдарга жиберилет. Бул тууралуу бүгүн өткөн “Аймактык жолугушуу” деп аталган жыйында айтылды. Ошондой эле анда ар бир улуттар өз алдынча бөлүнүп эмес, карым-катнашта жашоосу, ал үчүн шарт түзүү зарылдыгы белгиленди. Улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы, "Эл аралык толеранттуулук үчүн" коомдук фонд уюштурган иш-чарада улуттар аралык маселени кылмыштуу чөйрө жана саясатчылар колдонуп, айрым массалык маалымат каражаттары туура эмес маалымат таратып жатканы айтылды. Буга чейин мындай жыйын Ош жана Жалал-Абад шаарларында өткөн. (КЕ)