Жаңылыктар Индияда автобус авариясынан 30 адам набыт болду 30-Май, 2010 Өлгөндөрдүн арасында 10 жаш бала да бар болгонун Индиянын маалымат агенттиктери жазып жатышат. Өлкөнүн түштүгүндөгү Бангалор шаарына бараткан автобус кырсыкта оодарылып түшүп, күйүп кеткен. Дагы 30дай адам жарадар болду.