Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы пульмонологу Нурлан Бримкулов бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күнү Кыргызстанда аялдардын 10-15% тамеки чегет. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы адиси Салия Карымбаеванын билдирүүсүндө өлкөдөгү тамеки чыгаруучу компаниялар товарын өткөрүүдө маркетингди кыздарга жана аялдарга максаттап түзүп жаткандыгынан ушундай статистика келип чыгууда. (EK)