Мурдагы депутат Исхак Масалиев үй камагына чыгарылды

Бүгүн Бишкек шаардык соту Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиевдин жактоочусу Кайрат Загибаевдин экс-депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу арызын канааттандырды.

Исхак Масалиев "Жаңы Кыргызстан" партиясынын лидери Үсөн Сыдыков менен болгон телефон сүйлөшүүлөрү ачыкка чыккандан кийин 14-майда УКМКнын абагына камалган эле. Ага Кылмыш-Жаза кодексинин 295-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу), 233-беренесинин 1-бөлүгү (Массалык башаламандыкты уюштуруу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Экс-депутат ага саясий негизде куугунтуктоо жүрүп жаткандыгын айтып, саясий ишмердигин токтопосун билдирди. (EK)