Босния жана Албания да "Шенген" келишимине кирет

Евробиримдиктин аткаруу комитети Еврокомиссия уюмга мүчө өлкөлөр менен Европарламентке Албания жана Боснияга эркин виза режимин киргизүүнү ырасмий түрдө сунуш кылды. Сунуш быйыл күздө Албания менен Босниянын паспорттук коопсуздукту камсыздоосу жана чек араны контролдоосу, ошондой эле уюмдашкан кылмыш топторуна каршы күрөшү текшерилген соң колго салынат.

Босниянын премьер-министри Никола Спиричтин айтышынча, Европа Биримдиги менен эркин виза режимине өтүү “Босниянын жарандары үчүн аябай маанилүү жараян”. Азыр Европа мамлекеттери арасында эркин катоого жол ачкан "Шенген мейкиндигине" 25 өлкө кирет.