Италия мамлекеттик чыгашасын 24 миллиард еврого азайтты

Италия өкмөтү мамлекеттик бюджетте 24 миллиард евролук чыгымды кыскарткан мыйзамды жактырды. Бул Италиянын бюджетиндеги таңсыктыкты ИДПнын 3%ынан төмөндөтүүгө жол ачат. Былтыр дефицит ИДПнын 5,3%ын түзгөн. Кыскартуу мамлекеттик тармакка жаңы кызматкерлерди алууга тыюу салуу, айрым айлыктарды тоңдуруу, салыкты чогултуудагы көзөмөлдү күчөтүүнүн аркасында ишке ашмакчы. Буга чейин Грекия, Испания жана Португалия ушундай кыскартууларга барышкан.