Бүгүн саат 17 00дор чамасында Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соттун жанында атышуу болуп, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Руслан Шаботоевди, дагы бир депутат Жусуп Жээнбековдун уулу Бактияр Амиражановду жана ишкер Игорь Гизейди өлтүрдү деп шектелген Жумабек Зикирбаев, Чыңгыз Мамытов жана Улан Кожоевдер качып кетишти. Атышуудан кароол башчысы навыт кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады. Азыр бул иш боюнча иликтөө иштери башталганын кабарлашты. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Ж. Зикирбаевдин, Ч. Мамытовдун жана У. Кожоевдин үстүнөн козголгон кылмыш иш боюнча сот башталган болчу. Р. Шаботоев 2008-жылы сентябрда дайынсыз жоголуп толук бир жылдан кийин сөөгү табылган. (EBM)