АКШда окумуштуулар жасалма өмүр жаратышты

Окумуштуулар биринчи жолу синтетикалык тирүү клетканы жаратканын жарыялашты. Изилдөөчүлөр синтетикалык геном – же гендер топтому көзөмөлдөгөн, өзүнөн өзү тукум уланта ала турган бактериянын клеткасын өстүрө алышкан. Аны – илимий чоң ачылыш деп баалашууда, бирок айрымдар өмүрдү жасалма чөйрөдө жаратуу тууралуу маселени кайра козгой тургандыгын белгилеп жатышат. Ачылыш тууралуу кеңири маалымат Science (Илим) журналында жарык көрдү.