Жалал-Абадда эл арасында кагылышуулар токтобой жатканынан улам жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана кырдаалды тез арада калыбына келтирүү максатында Убактылуу өкмөт Жалал-Абад шаары менен Сузак районуна 2010-жылдын 1-июнуна чейин өзгөчө абал киргизүү тууралуу Декрет кабыл алды. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Ага ылайык аталган аймактарда кечки саат сегизден таңкы алтыга дейре коменданттык саат киргизилди. Ошондой эле ички иштер министринин милдетин аткаруучу Б. Алымбеков Жалал-Абад шаары менен Сузак районуна комендант болуп дайындалды. Бул декрет кол коюлган учурдан тарта күчүнө кирди.(SM)