Конституциянын жаңы редакциясы Убактылуу өкмөткө сунушталды

Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин мүчөсү Курманбек Дыйканбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Убактылуу өкмөт карап чыккандан кийин кыргыз-орус тилиндеги Конституциянын жаңы редакциясы 20-майда коомчулукка жарыяланып, жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
26-апрелде Конституциянын жаңы редакциясынын долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлуп, Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары Өмүрбек Текебаев төрагалык кылган, курамы 74 адамдан турган Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын жаңы редакциясын иштеп чыккан. (AJ)