Орус президентинин украин сапары уланууда

Дмитрий Медведев Киевде украин президенти Виктор Янукович менен жолукту. Бул Януковичтин феврал айында мамлекет башчылыгына шайлангандан бери Медведев менен жетинчи жолку жүздөшүүсү. Экөө орус-украин өкмөттөр аралык техникалык кызматташттык комиссиясынын отурумуна төрагалык кылышмак. Медведев менен Янукович ошондой эле бир катар келишимдерге, анын ичинде чек араны тактоо жана ядролук кызматташттык макулдашууларына кол коет деп пландалган.