БАЭЭИ ЕККУну Казакстандын "темир коргон" саясатына каршы болууга үндөдү

Баш кеңсеси Бишкекте жайгашкан Борбор Азиянын эркин экономика институту, кыскача БАЭЭИ Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмун Казакстандын “темир коргон” саясатына каршы турууга чакырды. Кайрылууда Кыргыз-Казак чек арасы 40 күндөн бери “кулпуда” турганы белгилип, Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун баш катчысы Марк Перрен де Бришамбонун ЕККУ Казакстандын Кыргызстандагы кырдаалды жөндөө аракетин оң баалайт деген сөзү чындыкка сыйбасын белгиледи.

Де Бришамбо берегидей билдирүүнү 14-майда Казакстандын тышкы иштер министри Канат Саудабаев менен болгон кездешүүдө жасаган эле.