Казакстандын “Абырой” кыймылы Казак өкмөтүн Кыргызстан менен чек араны ачууга чакырды. “Абырой” кыймылы мындай мазмундагы чакырууну 18-май күнү эртең менен Казакстандын министрлерине тапшырып, аларга Кыргыз-Казак чек арасы жабылганча келген бирден алма берет. Бул демилге жөнүндө "Абырой" кыймылы дүйшөмбү күнү кабарлады.