Теги араб Рима Факих - АКШнын сулуусу

24 жаштагы теги араб америкалык Рима Факих өткөн түнү Лас Вегаста аяктаган мелдеште 50 атаандашын жеңип, “АКШнын 2010-жылкы периси” (Miss USA 2010) деп аталды. Ливандык эмигранттын үй-бүлөсүндө төрөлгөн Рима Факих Нью-Йоркто чоңоюп, католик мектепте окуган. Ал сулуулардын сынагына Мичиган штатынын атынан катышты. Риманын Лас Вегастагы салтанатта айтышынча, анын үй-бүлөсү мусулман жана христиан майрамдарын белгилешет.