Бүгүн Жалал-Абадда аза күтүү күнү

Бул тууралуу облустун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асанов “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абад шаарында жана райондун борборлорунда мамлекеттик туулар төмөн түшүрүлүп, эл жыйылган жерлерде 7-апрелде жана 14-майда курман болгондорго куран окутулууда.

14-майда Жалал-Абаддагы Убактылуу өкмөттүн жактоочулары менен бакиевчилердин ортосундагы кагылышууда Жакшылык Козуев менен Бердибек Урамаев ок тийип каза болуп, 59 адам ар кандай жаракат алып, ооруканага жаткырылган. (AJ)