Тынчтык жана биримдикке үндөгөн акция

Бишкекте 16-майда Убактылуу өкмөттү колдогон жана жалпы элди тынчтыкка, биримдикке чакырган жөө жүрүш акциясы болду.

Эки миңдей адам Бишкектин Тынчтык көчөсүндөгү Ормон хандын эстелигинин алдынан тартып парламенттин алдына чейин барышты.

Жогорку Кеңештин алдына чогулгандарга Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева чыгып сүйлөп, жалпы элди биримдикке чакырып, тынчтык максатындагы жөө жүрүшкө катышкандарга ыраазычылыгын билдирди.