Аянттан “Эркиндик” эстелигин алуу аракети болду

15-майда “Кыргыз эл” биримдиги, “Ак шумкар кут” жаштар биримдиги, “Кырк кыз” жана “Манас эл” кыймылдары, “Бакдөөлөт”, “Манас ата” жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү Ала-Тоо аянтындагы “Эркиндик” эстелигин алуу аракетин көрүштү.

Аларга коомдук тартипти коргоо бирикмелери жана 1-май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тоскоол болушту.

“Эркиндик” эстелиги мыйзамсыз жана катталбаган деген жүйө менен жүздөн ашуун киши Убактылуу өкмөткө кат жолдошту.