Азимбек Бекназаров бакиевчилердин кылмыштарын ашкерелеген маалымат таратты

Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров Кыргызстандын элине кайрылуу жолдоп, эл байлыгын тоноп келген Бакиевдердин үй-бүлөсү жана анын жакын чөйрөсү бийликти жана уурдап жыйган байлыгын кайтарып алуу үчүн элди каршылык акцияларына тукуруп, массалык тополоң чыгарып, кырдаалды бузуп-жарып жатканын белгиледи.

Бекназаров ошону менен бирге Бакиевдердин коррупциялык жана рейдерлик кыңыр иштери боюнча жүз кылмыш иши ачылгандыгын, алагчкы эсептөөлөр эле мурдакы бийлик мамлекетке 5 миллиард сомдон ашык зыян алып келгенин көрсөтүп жатканын, анын ичинде Россиянын 300 млн доллар кредитин ичип-жеген сүткорлук фактылары, андан сырткары энергетика, банк, “Манас” аба майданы сыяктуу тармактарда майлуу кызматтарды мыкчып жүргөн адамдардын мамлекеттин казынасына кол салып миллиондорду кымтыган фактылары чубалып чыгып жатканын баса белгилеген. (KC)