Орусияда метродогу жардыруу үчүн ФСБ үч адамды өлтүрдү

Бул тууралуу өлкөнүн Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) башчысы Александр Бортников билдирди. Кабарга караганда, алардын экөө - аял кишилер. Кылмыштуу топтун өкүлдөрү, агенттердин ишениминде, террорчуларды Москвага жеткирүүгө, аларга жардыргыч заттарды камдап берүүгө жардам кылышкан. Март айында Москванын метросунда эки жардыруу болуп, 40 адам мүрт кеткен эле.