Парламенттин алдына чогулгандар тарай баштады

“Азаттыктын” кабарчысынын маалымдашынча Жогорку Кеңештин алдына чогулгандар азыр топ-топ болуп бөлүнүп тарай баштады. Убактылуу өкмөттү сындаган кыйкырыктар токтоду. Бүгүн ЖКнын алдында үч миңдей адам чогулуп убактылуу өкмөттүн айрым иш-аракеттерин айыпташты. Алар өкмөттөн кызмат бөлүштүрүүнү токтотуп мурунку президент Курманбек Бакиевди тезинен камоону, чек аралардын ачылышын талап кылышты. (EBM)