Мурунку мамлекеттик мүлк министри Т. Турдумамбетов кармалды

Башкы прокуратура Т. Турдумамбетов бүгүн камакка алынганын билдирди. Азыр экс-министр мурун ачылган кылмыш иштин негизинде сурак берип жатат. Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Азимбек Бекназаров экономикалык мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн мурунку маммүлк министри жооп бериши керек деп билдирген болчу. Т. Турдумамбетов апрель окуяларынын кийин издөөдө жүргөн. (EBM)