Орусияда көмүр кениндеги кырсыктан өлгөндөрдүн саны 47ге жетти

Дагы 40тан ашууну али дайынсыз. Орусиянын премьер-министри Владимир Путин кырсык болгон Кемерово облусундагы Распадская көмүр кенине барды. 8-майда түн ортосунда алгачкы жардыруу болгондо, Распадская шахтасында 350дөн ашуун кенчи иштеп аткан. Алардын көбү аман-эсен куткарылып, экинчи жардыруу ондогон шахтерлор менен куткаруучуларды жер астында камаган.