Обама Орусия менен өзөктүк энергия жаатында кызматташтыкты жандантты

АКШ президенти Барак Обама 3 жыл мурда кол коюлган эки тараптуу келишимди Конгресске кайра сунуштады. Документти 2008-жылы орус-грузин согушу тутанганда мурдагы АКШ президенти Жорж Буш Конгресстен кайра чакыртып алган эле. Обама Грузиядагы кырдаал АКШ-Орусия ортосундагы макулдашууга мындан ары тоскоол боло албайт деп билдирди. Келишим Орусия жана Америкалык компанияларга өзөктүк тармак жаатында биргелешкен ишкана түзүп, өзөктүк технология жана материалдар алмашуусуна жол ачат.