Бүтүрүү кечелерин кафе, ресторанда өткөрүүгө тыюу салынды

Мындай буйрукка билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаев 6-майда кол койгонун министрликтин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлады. Ага ылайык мектеп бүтүрүүчүлөрүнө күбөлүк тапшыруу аземи күндүзгү убакта мектепте гана өткөрүлүүгө тийиш. Ага билим берүү мекемелеринин, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ата-энелер жана окуучулар катышат. Буга байланыштуу министрликтин кызматкерлери да текшерүү иштерин жүргүзмөкчү. Мындан сырткары мектептерде ар кандай мааракелер үчүн акча чогултуу жана белек-бечкектерди берүүгө да тыюу салынды. Эгер ушундай учур катталса мектеп директору кызматтан алынат. (КЕ)