Бишкекте ысык суу бүгүндөн баштап бир айга токтотулду

Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек жылуулук түйүндөр ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркуловдун 26-апрелдеги буйругуна ылайык 11-майдан баштап ысык суу токтотулуп, 11-июнга чейин Бишкек жылуулук түйүндөр ишканасынынын жана ТЭЦтин жабдыктарын, суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүргүзүлөт. (AJ)