Филиппинде жалпы элдик шайлоодо кагылыштар тутанды

Айрым шайлоо жайларында бомба жарылды, атышуулар болду Өлкөнүн түштүгүндө тогуз киши мерт болду, ондон ашууну жарадар болду. Бүгүн филиппиндиктер президентти жана вице-президентти, жергиликтүү бийликтердин 17 миңдей жетекчисин шайлашат.