Азыр куткаруу иштери жүрүп жатат. Жер астында 80 адам бар. Аба тазалоочу вентиляция иштебей калгандыктан, куткаруу операциясын жүргүзүү татаалдашты. Кемерово облусундагы “Распадская” шахтасында 8-майдан 9-майга караган түнү эки жолу метан жарылган. 300дөй шахтер куткарылды. 59 адам жаракат алды.