Россия президенти Дмитрий Медведев Катындагы кызыл кыргын боюнча 60 томдук иликтөөнүн материалдарын Польша президенти Бронислав Коморовскийге колмо-кол тапшырды. Бул кадам Москва-Варшава арасындагы мамилени жакшыртууга салым кошот деп айтылууда.
1940-жылы Совет өкмөтү тарабынан Смоленскинин Катынь токоюнда 20 миңдей поляк өлтүртүлгөн. Алардын көбү аскерлер болгон.