Иосип Броз Тито баскан жол (ZMa)

Иосип Броз Тито саясаттагы жолун Коммунисттик партиянын төрагасынан баштап, Югославиянын премьер-министри, андан кийин президенти болуп бийликте 40 жылдан ашуун отурган.

Тито 1892-жылы, май айында Хорватиянын түндүк бөлүгүндөгү Кумровец айылында мына ушул үйдө жарык дүйнөгө келген.

1911-жыл, Словения. Титонун эң белгилүү сүрөттөрүнүн бири.

1943-жылы май-июнь айларында Босниянын түштүк чыгышында Сутьеска үчүн согушта Тито жараат алган. Ал нацисттик чабуулга каршы Югослав партизандар кыймылын жетектеген.

Тито Югославия Социалисттик Федеративдик Республикасын түзүү тууралуу декларацияга кол коюп жатат. 7-март, 1945-жыл.

Солдон оңго карай: Иосип Броз Тито, Британиянын премьер-министри Уинстон Черчилл жана тышкы иштер министри Энтони Иден, Лондон, 1953-жыл. Тито Британияга келген эң биринчи коммунисттик лидер болгон.

Тито (солдо) жана АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Фостер Даллес Ванга аралындагы жолугушууда Чыгыш Европа өлкөлөрү эгемен болушу керек деген пикирлерин билдиришип, дүйнөдө тынчтык орносун деген тилектерин айтышууда. 7-ноябрь, 1955-жыл.

Тито жана Никита Хрущев, Дубровник, 1-январь, 1963-жыл.

Иосип Броз Тито, апрель, 1967-жыл.

Тито жана анын жубайы Йованка Броз. Алар 1952-жылы баш кошушкан.

Тито (солдо), анын жубайы (оңдо) жана Совет лидери Леонид Брежнев, Орусия, 1-апрель, 1973-жыл.

Титону акыркы сапарга узатуу зыйнаты, Югославия, Белград, 8-май, 1980-жыл.

Титонун сөөгү Белграддагы "Гүлдөр үйү" аттуу мавзолейге коюлган.