А.Бекназаров: Өлкө казынасына 1,3 млрд сом кайтарылды

Бул тууралуу Азимбек Бекназаров Убактылуу өкмөттүн 30 күндүк ишмердигин жыйынтыктаган маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында Баш прокуратура 7-апрелдеги окуялар жана экс-президент Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакын сааналаштарынын жемсөөлүк иш-аракеттери боюнча 28 кылмыш иши козгоду. Бекназаров Бакиевдердин мамлекеттик байлыктарды мыйзамсыз тартып алуу, рейдерлик басып алууларынын негизинде жалпысынан өлкө казынасына 3 миллиард сом чыгаша келтирилгенин айтып, мурунку президенттин уулу Максим Бакиевдин Өнүктүрүү фонду үчүн коммерциялык банктарда каралган 1,3 млрд сому кайра казынага кайтарылганын жарыялады. (EK)