Бул тууралуу Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча өкүлү Пьер Морел кечээ тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев менен жолугушууда билдирди. Жолугушууда тараптар Кыргызстандагы азыркы коомдук-саясий абалды талкуулашты. П. Морель Евробиримдик Кыргызстанга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө жана убактылуу өкмөттүн иш-аракеттерин чыңдоого даяр экенин кошумчалады. Аталган уюм алдыдагы конституциялык реформаларга Венеция комиссиясы аркылуу катышарын, өз сунуштарын берерин баса белгиледи. Бул тууралуу ТИМден кабарланды. (EBM)