Гудлак Жонатан бүгүн Нигериянын жаңы президенти катары ант берди. Ал былтыр февралда президент Умару Яр-Ардуа ооруп калгандан бери мамлекет башчынын милдетин аткарып жаткан. Шаршемби күнү көз жумган Умару Яр-Ардуа бүгүн жайга берилди.
Нигерия калкынын саны боюнча Африкада биринчи орунда турат. Мунайга мол өлкөдө жемсөөлүк кеңири жайылган.