УТРКны коомдук телерадио берүүгө айлантуу боюнча талкуу болот

Көз карандысыз медиа уюмдар уюштуруп жаткан бул иш-чара эртең Бишкекте өтөт. Анда Улуттук телерадио корпорациясынын коомдук телерадио берүү кылып түзүү үчүн натыйжалуу чаралар сунушталат. Медиа уюмдардын билдиришинче, улуттук биринчи каналды реформалоодогу негизги шарт - Байкоочулар кеңешинин сапаттуу курамы болуп эсептелет. Убактылуу өкмөт 30-апрелде УТРКны коомдук телерадио берүүгө айландыруу тууралуу декрет кабыл алган. Мындай иш-аракеттер мурунку бийликтин тушунда да башталган, бирок көп өтпөй таптакыр токтоп калган. (EBM)