Убактылуу өкмөт мунапыс тууралуу декрет кабыл алды

Убактылуу өкмөт Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 60 жылдыгына жана апрель окуяларында шейит кеткен баатырлардын урматына байланыштуу абакта жаткан айрым адамдарга мунапыс берүү тууралуу декрет кабыл алды. Документке ылайык, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын таламдарын коргоо боюнча согуштук аракеттерге, Чернобыль алаапатына катышкан адамдарга, алардын жесирлерине, 55 жаштан өткөн аялдарга жана 60 жаштан оогон эркектерге, I жана II топтогу майыптарга, 5 жылдык мөөнөт менен биринчи жолу соттолого жашы жете элек өспүрүмдөргө, анча оор эмес кылмыш кылгандарга, ошондой эле Ноокат окуясы боюнча соттологондорго мунапыс берилет. Мунапыс өмүр бою эркинен ажыратылгандарга, өлүм жазасы өмүр бою эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылгандарга жана жазаны өтөө режимин такай бузгандарга таркатылбайт. (EBM)