Улуттар аралык жаңжал чыгарууга аракеттенгендер жазасыз калбайт

Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Алмазбек Атамбаев кечээ Кыргызстандагы түрк диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда Маявка айылындагы тополоңду уюштургандарды жана өлкөнүн туштүгүндө улуттар аралык араздашуу чыгаргысы келгендерди убактылуу өкмөт билет, деп маалымдады. Азыр Коопсуздук жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн, морадерлук, рейдерлик басып алуучулук менен алектенгендер жана улуттар аралык араздашууну чыгаргысы келгендер жазасыз калбай турганын эскертти. Убактылуу өкмөт мурунку бийликтегилерди өлкөнү баш аламан кылып улуттар аралык араздашуу чыгарууга аракеттенип жатат, деп айыптоодо. (EBM)