Убактылуу өкмөттөн кабарлашкандай Роза Отунбаева Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча талкуу өткөрөт. Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев баштаган жумушчу топ иштеп чыккан Конституциянын жаңы долбоору 26-апрелде жарыяланып талкууга койулду. Долбоор боюнча сунуштар 14-майга чейин кабыл алынат. Андан кийин жумушчу топ 18-майга чейин алымча-кошумча менен иштеп чыгып, 19-майда Баш мыйзамдын бүткөн варианты жарыяланмакчы. (EBM)