Бул тууралуу ички коопсуздук мекемесинин башчысы Жанет Наполитано билдирди. Ишемби күнү кечинде Манхэттендиги борбордук аянттан дүрмөттөлгөн автомашина табылган эле. Шаар башчысы Майкл Блумберг нью-йортуктар тургундардын кыраакылыгы жана полициянын профессионалдуу аракети аркасында чоң балакеттен аман калды деп айткан эле. Полиция жана атайын кызматтар окуянын чоо-жайын иликтеп жатышат.