Мындай чечим Убактылуу өкмөттүн бүгүнкү отурумунда кабыл алынды. Каржы минисринин милдетин аткаруучу Темир Сариевдин айтымында, ушул багытта Убактылуу өкмөткө бир топа рыздар, кайрылуулар түшкөн. Ал эгер кайсы бир имарат, турак-жай боюнча иш Башкы прокуратурада каралып жаткан болсо, ага барыбир алып-сатууга уруксат берилбей тургандыгын белгиледи. Турак-жайларды сатууга мораторий ишкерлердин мүлкүн талап-тоноочулуктан сактоо иретинде Убактылуу өкмөт тарабынан апрель ыңкылабынан кийин киргизилген болчу. (КЕ)