Британия: Теледебат ЛДПнын тарапкерлерин көбөйттү

Бейшемби күнү Британияда үч негизги партиянын лидерлеринин тарыхый телетаймашы болду. Жумушчулар партиясынын лидери, премьер-министр Гордон Браун, консерваторлордун анабашы Дэвид Кэмерон жана либерал-демократтардын төрагасы Ник Клегг 6-майда болчу парламенттик шайлоо алдындагы үчүнчү-финалдык теледебатта социалдык-экономикалык проблемаларды, миграция маселесин талкуулашып, экономиканы кризистен чыгаруу боюнча сунушутарын ортого салышты.

Ник Клеггдин телеайкаштагы чечендиги Либерал-демократтар партиясын колдоочуларды көбөйткөнү маалымдалды.Британияны 1930-жылдан бери лейбристтер менен консерваторлор кезектеше бийлеп келет.