"Барселона" утту, бирок жеңиш "Интерде"

Миландын «Интер» клубу Барселона шаарында «Барселонага» 0:1 эсебинде уткурду. 28 мүнөттө бразилиялык футболчу Тиаго Мотта испан Сержио Бускеттени бетке урганы үчүн “кызыл карточка” алып, майданда италиялык 10 футболчу калды. Италиялыктардын дарбазасына голду 84-мөнөттө Жерар Пике киргизди.

Бирок эки оюндун жыйынтыгы боюнча эсеп 3:2 болуп, “Интер” жеңди. Эми Европанын чемпиондор кубогунда “Интер” Германиянын Мюнхен шаарын “Байерн”(Бавария) командасы менен беттешет. Былтыр кубокту “Барселона” уткан.