Президент Ахмединежад үчүн АКШга жол ачык

Иран президенти Махмуд Ахмадинежад АКШга барууга виза сурап кайрылды. Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси Сюзан Райс кабарлашынча, Ахмадинежад дүйшөмбү күнү Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу башкеңсесинде өтчү ядролук куралдарды жайылтпоо боюнча конференцияга катышууну каалайт сыягы.

Мамдепаратменттин өкүлү Филип Кроуллинин билдиришинче, АКШ бийлиги Иран президентинин жолун тоспойт.