Бул тууралуу Ички иштер министринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Бактыбек Алымбеков бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Бул окуяны тергеп иликтөө иштерин Башкы прокуратура өз жоопкерчилигине алды.
Былтыр 13-мартта президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов, Стратегиялык изилдөөлөр эл аралык институнун жетекчиси Сергей Слепченко жана айдоочусу Кубат Сулайманов Алматыдан келе жатышып, Бишкектен 25 км. алыстыктагы Кой-Таш айылына жакын жерде табышмактуу жагдайда жол кырсыгынан каза табышкан. (EK)